Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Б.И. (Бердибек Иманбеков) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Иманбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге Чолпон-Атадан баасы 10 млн сом болгон жерди берген деп шектелүүдө.
УКМК билдиргендей, Иманбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу куралдын ок-дарылары табылып алынган. Ал соттун чечими менен 1 айга камакка алынды.
Ошондой эле аталган иштин алкагында «Кадастр» мекемесинин Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн адиси М.Т. кармалган.
Чолпон-Атанын мурдагы мэри кылмыштуу жолдон баш тартканын билдирди (видео)