Кожобек Рыспаев Мамлекеттик тоо-кен университетинин ардактуу профессору болду

Кожобек Рыспаев Мамлекеттик тоо-кен университетинин ардактуу профессору болду

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Бишкектеги Ү.Асаналиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик тоо-кен иши жана тоо кен технологиялар университетинин ардактуу профессору болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Акылбек Маралбаев билдирди.

Окуу жайдын жетекчиси эл өкүлүнө профессор наамынын ыйгарылышын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

“Кожобек Жайчыбековичтин биздин окуу жайга кошкон салымы чоң. Ал тоо кен тармагындагы көйгөйлөрдү парламент жыйынында айтып, жогорку жактарга жеткирип турду. Негизи бул ардактуу наам сөзсүз эле ушул тармакта иштеген эмес, бул тармакка салым кошкондорго да берилет. Бул бардык окуу жайларга мүнөздүү көрүнүш”, — деди ал.

Ал эми депутат Рыспаев аталган окуу жайга барып, тоо-кен тармагы боюнча билим алып жаткан студенттерге жолугуп, алар менен баарлашып келген.

Белгилей кетсек, Кожобек Рыспаев парламенттеги отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектейт.

Кыргыз мамлекеттик тоо-кен иши жана тоо кен технологиялар университетинде 2293 студент билим алып, 21 профессор, 48 доцент жана 174  мугалим эмгектенет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>