Ноокенде 10 жашар кыз зордукталды

Ноокенде 10 жашар кыз зордукталды

Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 20-25 жаштардагы белгисиз адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына ылайык, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш адам зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арыз ээсинин айтымында окуя анын кызы мектептен үйгө кайткан учурда,  саат кечки бештер чамасында болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, шектүүнүн келбетинин болжолдуу сүрөтү даярдалган.

Ноокен райондук милициясы жарандарга кайрылып, сүрөттөгү шектүү туурасында маалымат билгендер болсо (03734 102) же 0555 00 31 00 номерине кабарлап коюуну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>