Орусиядагы кырсык: Дарыгер 3 кыргызстандыктын абалын айтты

Орусиядагы кырсык: Дарыгер 3 кыргызстандыктын абалын айтты

Россиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыктан кийин ооруканага жаткырылган 3 кыргызстандыктын абалы туруктуу оор.

Аталган облустун саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Олеся Колотик-Каменеванын маалыматына караганда, учурда Ульяновскидеги клиникалык борбордун дарыгерлери үч жабырлануучунун өмүрү үчүн күрөштү улантууда.

Кырсыктан кийин жабырлануучулар тез жардам кызматы менен Николаев аймактык ооруканасына жеткирилип, адистер бейтаптардын абалын турукташтырууга жардам беришкен. Кечинде жабыркагандар Ульяновск ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Борборго  түшкөндө бардык бейтаптар текшерилип, бир кишиге шашылыш операция жасалган.

“Учурда бардык жарадарлардын абалы оң динамикасы менен туруктуу оор деп бааланууда, Бардык бейтаптар эсинде”, — деген ал.

Ал эми медициналык мекеменин хирург-травматологу  Рустам Аделов жабыркагандар кандай жаракат алганын айтты.

«Тез жардам бригадасы дароо бир бейтапты алып келди, дагы экөө кыпчылып калган, адегенде аларды чыгарууга туура келген. Бейтаптардын баары оор абалды, экинчи же үчүнчү даражадагы травматикалык шок алышкан. Оор комбинацияланган авто жаракат, баш мээнин контузиясы, сөөктүн сынганы, дененин жана бутунун көп жаракаттары жана көгөрүп кеткен жерлери бар. Алар эс-учун жоготкон абалда болчу”, — деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Каза болгон кыргызстандыктардын өздүгү такталып, алардын сөөгү мекенине алынып келинген соң, жерге берилген. Маркум мекендештердин үй-бүлөлөрүнө өкмөт тарабынан 300 миң сомдон жардам берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>