Садыр Жапаровду «Ташкент» аэропортунан Абдулла Арипов тосуп алды

Садыр Жапаровду «Ташкент» аэропортунан Абдулла Арипов тосуп алды

Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президентенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысын Ислам Каримов атындагы “Ташкент” аэропортунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган.

Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө өлкө башчысы Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделгени айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>