16-июль: Кыргызстанда +41°C чейин ысык болот, жаан-чачын күтүлбөйтМиллионго жакын аялдар жана кыздар гуманитардык жардамсыз калды — БУУнун баяндамасы«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи түз каттам келдиСелдин кесепеттерин жоюу иштерине 840тан ашуун адам тартылдыУлуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилди
Ташиев: Эки жыл ичинде бюджетти 1 триллион сомго чыгарабыз (видео)
03.04.2024 | 21:00
Эки жылда Кыргызстандын бюджетин 1 триллион сомго жеткиребиз. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ташиев президент Садыр Жапаровдун командасы бийликке келген мезгилде өлкө бюджети 200 млрд сомдой гана болгонун, учурда ал 600 млрд сомго жеткенин билдирди.
“Кудай кааласа, эки жыл ичинде бюджетти 1 триллион сомго чыгарабыз. Ал бюджеттин баары элдин кызыкчылыгына иштейт. Бүгүнкү күнү бир дагы мамлекеттик чиновник бюджетти уурдай албайт, мамлекеттин, элдин байлыгына кол сала албайт. Биз кол салдырбайбыз”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Ташиев буга чейин эле 2022-жылы сентябрда өлкө бюджетин 3-4 жылда 1 триллион сомго жеткирүү милдети турганын билдирген.
Ташиев: 3-4 жылда бюджетибиз триллион сомго жетиши керек – видео
Рубрики: Жаңылыктар, Коом