Тажикстандын агрессиясы: Ак-Суудагы көпүрөнү жардыруу учуру — видео

Тажикстандын агрессиясы: Ак-Суудагы көпүрөнү жардыруу учуру — видео

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун 7-чакырымындагы 36 метрлик көпүрө тажикстандык аскерлер тарабынан жардырылган учур видеого түшүп калган.

Аталган көпүрөнү Тажикстан тарап 16-сентябрда жардырган.

Ак-Суу дарыясындагы бул көпүрө аркылуу эл дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды алып өтүп турган.

Бүгүн Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жардырылган көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталганын билдирген.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынын аркасында куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын баскынчылыгынан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты. Ошондой эле жарадар болгондордун саны 144 түзөт.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>