Кыргызстанда +43 градуска чейин аномалдуу ысык күтүлөт — Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарыБишкекте «Цивилизациялардын диалогу» алкагында ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү талкууландыШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздук штабы 24/7 режиминде иштейтЕвропаны жаңы аптап капташы мүмкүн: БУУ Эль-Ниньо кубулушунун кайтып келишинен эскертетЭмгек министрлиги: Иш берүүчүлөр 8,4 миң бош жумуш ордуна кызматкерлерди издеп жатышат«Ак илбирс ЭкоФест 2026» — Кеминде экологиялык фестиваль өттү
УКМК Аламүдүн районунун прокурорун кармады (видео)
20.03.2025 | 15:52
Чүйдүн Аламүдүн районунун прокурору пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, прокурор (С.Ж.) үй камагына чыгышы үчүн бир аялдан (Ж.Я. кызы) 80 миң сом опузалаган деп шектелүүдө.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, аталган прокурор (С.Ж.) кармалган.
Ал Бишкек гарнизонунун Аскер комендатурасынын гауптвахтасына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.