«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бериштиОмар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда жыл башынан бери миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдүАсыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берилетБишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалдыЫсык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды
Валентина Шевченко менен Жессика Андраде беттешет
25.02.2021 | 09:34
24-апрелде орун алуучу “UFC 261” турниринде Валентина Шевченко чемпиондук курун бешинчи ирет коргойт. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Кыргызстандык мушкер кыз бразилиялык Жессика Андраде менен беттешет. Турнир кайсы жерде өтөрү расмий жарыялана элек. Буга чейин, Валентина Шевченко чемпиондук наамын төрт ирет коргогон.
Шевченко соңку ирет 2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн “UFC 255” турниринде бразилиялык Женнифер Майяны уткан. Ал эми Жессика Андраде өткөн жылдын октябрында Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңген.
Рубрики: Спорт