Жетим-Тоо: Активисттин камалышы талкуу жаратты — видео

Жетим-Тоо: Активисттин камалышы талкуу жаратты — видео

14-августта фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялагандыгы үчүн кармалды. Анын кармалышы президент Садыр Жапаровдун Жетим-Тоо боюнча кайрылуусунда «кенге байланыштуу айрым адамдар жалган маалымат таратып жатат, укук коргоо органдары чара көрсүн» деген билдирүүсүнөн кийин болду. Жаш активисттин кармалышы коомчулукта кызуу талкууланып, көпчүлүк анын видеону жарыялаганы үчүн камалышын мыйзамсыз, сөз эркиндигине кысым катары баалашууда.

Мындай пикирди медиа өкүлдөрү да карманышат. Медиа эксперт Руслан Акматбек Баш мыйзамда ар бир жаранга өз пикирин ачык айтуу укугу, сөз эркиндиги берилгенин белгилеп, анын кармалышын негизсиз деп эсептейт.

«Бул сөз эркиндигине кысым. Биринчиден, Ырыс Жекшеналиев блогер, жаран, активист катары бийликтин жасап жаткан кадамдарына, болуп жаткан окуяларга өзүнүн конституциялык укугун колдонуп пикирин билдирген. Ал Конституцияда бекитилген, кепилдик берилген ар бир жарандын укугу. Экинчиден, эң аянычтуусу президент көрсөтмө бергенден кийин Ички иштер министрлиги кадам таштап жатат. Бүл түздөн-түз бийликтин сөз эркиндигин чектөө аракети», — деди ал.

Ал эми расмий органдардын позициясы боюнча, Ырыс Жекшеналиев видеону жарыялоо менен коомчулукту Жетим-Тоо маселесинин айланасында манипуляцилоого ашыккан активисттерге шыкакчы болгон. Мындан улам видеону жарыялаган адам катары Ырыс Жекшеналиев камакка алынган. Учурда ага карата Кылмыш кодексинин 278-беренесинин “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар” бөлүгү боюнча иш ачылган. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын башкы инспектору Адилет Мусаев мындай комментарий берди:

«Кээ бир активисттер жана адамдар бул маалыматты, видеону колдонуп, коомдук ой-пикирди ар кандай манипуляциялоого багытталгандыгы байкалууда. Ошого байланыштуу Жазык кодексинде каралган кылмыштын курамынын белгилери аныкталгандыгына байланыштуу кылмыш козголгон». 

Кыргызстандын коомдук-саясий жашоосуна өз позициясын билдирип жүргөн жарандык активист Урмат Жаныбаев да Ырыс Жекшеналиевдин кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, өз позициясын билдирип, өлкөдөгү окуяларга кайдыгер карабаган жарандар Кыргызстанга керек.

«Менимче бул сөз эркиндигине кысым. Мен ал видеону көргөн эмесмин. Бирок Ырыстын баракчасына кирип, постторун окугам. Анын эч кандай кылмышка чакырган сөздөрүн окуган эмесмин. Ал жөн гана Кыргызстан үчүн күйгөн бала экен», — деди ал.

Акыркы кезде эксперттер Борбор Азияда “демократия аралчасы” катары таанылган Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым көбөйүп жатканын белгилешет. Ага Ырыс Жекшеналиевдин кармалышын да мисал келтирүүгө болот. Себеби социалдык тармактарга видео жайгаштырып, аны башка адамдар бөлүшүп койгону үчүн камоо канчалык мыйзамдуу жана негиздүү деген суроону жаралат. Мындай көрүнүш коомчулукту бийлик өзүнө каршы ой-пикир айткан адамдарга кысым көрсөтүүдө деген гана ойго түртүшү мүмкүн. Ал эми камакка алынган жаш активист өзүнө коюлуп жаткан айыпты мыйзамсыз деп эсептей турганын, камалышын саясий негизде болгон деп эсептейт.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, ал 48 саатка камакка алынган. Аны менен бирге Абдил Сегизбаев милицияга суракка кирип чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>