Алимбаев: Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташа баштады

Алимбаев: Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташа баштады

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал турукташа баштады. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күн тынч өттү.

«Атышуулар болгон жок. Азыркы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн биргелешкен комиссияда тажик коллегалар менен иш алып бардык. Анын жыйынтыгында бир нече чечим, жумуштарды аткардык. Биринчиден кыргыз тараптан да, тажик тараптан да жолдор ачылды. Баткен-Раазаков жолун ачып, биздин жарандардын ал жерден кенен өтүшүнө шарт түзүлдү. Экинчиси, Баткен районудагы Таш-Тумшук, Көк-Серек айылдарына кирип чыкканга шарт болду. Электриктер калыбына келтирүү иштерин баштады», — деди ал.

Аны менен бирге ал Көк-Таш – Ак-Сай жолундагы тажикстандык аскерлер тарабынан жардырылган көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталганын билдирди.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынын аркасында куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын баскынчылыгынан Кыргызстан тараптан 46 адам каза тапты. Ошондой эле жарадар болгондордун саны 140 түзөт.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>