Кара-Сууда 3,6 млн сомдун каракталышы: 11 адам кармалды

Кара-Сууда 3,6 млн сомдун каракталышы: 11 адам кармалды

Оштогу 3,6 млн сомдун каракталышы жана Кара-Суудагы кол салуу боюнча жалпы 11 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын баары камакка алынган. Кармалгандардын тогузу эркек, экөө аял киши.

Кылмыш иштин алкагында 19-майда Амир-Темир  кичирайонундагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, 1 РГД-5 гранатасы, аскердик кийимдер жана рюкзак, Калашников автоматынын 9 огу жана Макаров тапанчасынын 2 огу табылып алынган. Белгилүү болгондой, табылган буюмдар шектүү катары кармалып, камакка алынган 30 жаштагы И.Э. аттуу жаранга таандык.

Эскерте кетсек, быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Кийинчерээк аталган ишке шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар.

Кармалгандардан көп сандагы курал-жарак, анын ичинде автоматтар, пулеметтор, гранаталар табылганы кабарланган.

17-майда Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралчан террористти (өздүк булактар билдиргендей, ал каракчылыкка шектүүлөрдүн бири болгон, ал мурда Сириядагы куралдуу кагылышка катышканы айтылган) кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада куралчан террорист жок кылынган.

Операция учурунда ИИМдин атайын багыттагы эки кызматкери жараат алган. Октон жарадар болгон бир кызматкерге Улуттук госпиталда операция жасалган.

Reporter.kg’ге өздүк булактары билдиргендей, милиция Дмитриевка айылында Оштогу каракчылык иши боюнча шектүүлөрдүн бирин кармоо боюнча операция жүргүзүп жаткан. Операция учурунда кылмыштуу топтун мүчөсү ок атып, укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн.

3,6 млн сомдун каракталышы. Кылмыштуу топтун кармалышынын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>