Кемпир-Абад иши: Журабаеванын абалы начарлаганы айтылды

Кемпир-Абад иши: Журабаеванын абалы начарлаганы айтылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отурган Гүлнара Журабаеванын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, аны ооруканага жаткыруу зарыл. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Адвокат абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен, анын өнөкөт оорулары козголуп жатканын айтты.

«Кылмыш кылбаган, анын үстүнө ушул куракка келип калган адамды камакта кармоо акылга сыйбаган иш», — деди ал.

Ошондой эле, ал 27-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү Журабаевага жолугуп чыкканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус АбыловПеризат Суранова, Равшан Жээнбеков жана Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>