Кыргызстанда коррупцияга, мыйзамсыз баюуга жана пара алууга шектелип кармалган чиновниктердин мамлекетке келтирген зыянды төлөп берип, үй камыгына чыккан учурлары көп эле катталууда. Reporter.kg акыркы эки айда кайсы аткаминер канча «кусканын» тизмектеди.
Теңгиз Бөлтүрүк
«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 6,5 ай камакта отургандан кийин 2023-жылдын 30-апрелинде үй камагына чыкты. Ал былтыр 13-сентябрда коррупциялык иш боюнча кармалган.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыгышы мамлекетке келтирген зыяндын көпчүлүк бөлүгүнүн кайтарылганы менен байланыштуу.
Теңгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча мамлекетке 1 млрд 146,4 млн зыян келтирилгени аныкталган. Учурда зыяндын 80%га жакыны, тагыраагы 844 млн 512,8 миң сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган.
Азыркы тапта калган сумманы казынага кайтаруу иштери уланууда.
Урмат Самаев
Укук коргоо органдары тарабынан кармалып, бюджетке акча төккөндөн кийин үй камагына чыккандардын катарында Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев бар.
Ал 17-апрелде УКМК тарабынан «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупциялык схемага байланыштуу кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
19-апрелде Самаев 1-июнга чейин тергөө абагына камакка алынган.
Бирок, көп өтпөй, Самаев мамлекетке 25 млн. сом төгүп, 29-апрелде камактан чыкты. Аны менен бирге ал Токмоктун мэри кызматын тапшыра турган болгон.
Рыспек Сарпашев
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, «Тазалык» ишканасынын мурдагы башчысы Рыспек Сарпашев казынага акча «төлөп», үй камагына чыккандардын бири.
23-мартта УКМК «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору Рыспек Сарпашев кармалганын билдирген. 2017-2018-жылдары «Тазалыкты» жетектеп турганда Сарпашев унаа тетиктерин жана күйүүчү майды мыйзамсыз эсептен чыгарып, андан кийин аларды сатып, акчаны ишкананын кээ бир кызматкерлери менен бөлүшүп алып жүргөнү айтылган.
24-мартта ал үй камагына чыгарылган. Белгилүү болгондой, Сарпашев соттук-бухгалтердик экспертиза аныктаган 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтуруп берген.
Салыкчылар
Өткөн айда мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 млн сом кайтарылды.
Маалыматка караганда, 10 салык кызматкери жеке ишкананын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, бюджетке төлөнө турган салыктын суммасын аз көрсөткөн. Ага байланыштуу 3,3 млн сом гана салык төлөнүп, 100 млн сом түшпөй калган. Бул иш боюнча УКМК 10 салык кызматкерин жана жеке ишканалардын үч жетекчисин кармаган.
19-апрелде УКМК төлөнбөй калган 100 млн сом толук бойдон бюджеттин эсебине өндүрүлгөнүн билдирген.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Жакыр үй-бүлөлөргө берилүүчү акчаны кымырып алгандар
Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилүүчү акчаны кымырып алуу фактысы аныкталган. Бул боюнча Башкы прокуратура иш алып барып, иш сотко жөнөтүлгөн.
Маалым болгондой, бул кылмышка Социалдык камсыздоо министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын 5 жана «Кыргызпочтасынын» Талас райондук филиалынын 6 кызматкери шектүү катары кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337 (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346 (Кызматтык жасалмачылык) жана 379-беренелери (Документтердин жасалмалоо) боюнча айып тагылган.
Айыпталуучулар 7 млн 11,5 миң зыяндын ордун толтуруп берген.
Таластын мэриясы
Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупция фактысы боюнча мамлекетке 8 млн сом кайтарылды.
Эскерте кетсек, жыл башында Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. коррупцияга шектелип кармалган. УКМК 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталганын, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 млн сомдон ашканын билдирген.
Бул кылмыш ишинин алкагында алгач 5 млн сом, кийинчерээк 3 млн сом мамлекетке кайтарылган.
«Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт. Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдирген УКМК.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз