Орунбековду иштен алууну суранган ак-сайлыктарга басым болууда, — укук коргоочу

Орунбековду иштен алууну суранган ак-сайлыктарга басым болууда, — укук коргоочу

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына басым болууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Мамасалиева Ак-Сайдын тургундарынын кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Андан кийин айыл тургундарына айыл өкмөтү телефон чалып, «Фейсбукка» чыккан кайрылууну алдыртып салуусун айткан.

«Алгыла» деп басып жасаптыр. «Кийин өзүңөргө көйгөй жаратып аласыңар» дептир. Айылдын тургундары мага чалып, постту алып коюңуз дешти», — деди ал.

Эскерте кетсек, 24-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Эртеси күнү, 25-июлда Чек ара кызматы чек арадагы абал туруктуу экенин билдирген.

Көп өтпөй Дайырбек Орунбеков чек арадагы эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чырды Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну баштаганын, ал мас абалында болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Андан кийин социалдык тармактын колдонуучулары Ак-Сай айылынын тургундары Дайырбек Орунбековдун жазгандарын төгүндөп жатканын, кыргыз жараны мас абалында болбогонун билдиргенин жаза баштаган. Арадан бир саат өтүп-өтпөй Орунбеков постун өчүргөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, 24-июлда болгон чырды Кыргызстандын жарандары баштаган эмес.

Кийинчерээк Ак-Сайдын тургундары президентке кайрылуу жолдоп, Садыр Жапаровдон Орунбековдун кечирим суроосун жана кызматтан алуусун суранган.

Баткендин тургундары президенттен Орунбековду иштен алууну суранууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>