Тергөөчүдөн министрге чейин. Пара менен кармалган кызматкерлер

Тергөөчүдөн министрге чейин. Пара менен кармалган кызматкерлер

Кыргызстанда акыркы бир айда бир нече мамлекеттик кызматкерлер пара менен кармалды. Алардын арасында тергөөчүдөн баштап, министрге чейинки чиновниктер бар. Reporter.kg пара менен кармалган кызматкерлерди тизмектеди.

Ушул жылдын 4-октябрында Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150.000 сом пара менен кармалган. ИИМдин маалыматына караганда, Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150.000 сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке максаттарына жумшаган.

4-октябрда Сокулук районунда мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом пара алып жатканда кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

1-октябрда опузалап пара талап кылгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү кармалган.

УКМК маалымдагандай, милициянын капитаны К.Т.Б. кылмыш жообуна тартуу жана камакка алуу коркунучу менен чет элдик жарандан 150 000 сом талап кылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

28-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

ИИМден билдиришкендей, ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң АКШ доллары) пара алган деп шектелүудө. Бейшеналиев эки айга камакка алынган.

16-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу)  менен кылмыш иши козголгон.

5-сентябрда Эсеп палатанын тышкы адиси пара менен кармалган. ТалМУнун кызмат адамдарынан150 миң сом өлчөмүндө Эсеп палатасынын тышкы адиси, финансылык ишмердикке формалдуу түрдө аудит жүргүзүү үчүн, ТалМУнун кызмат адамдарынан 150 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>